АКШ Сенаты Орусияга санкция киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдады
Республика жана Демократия партияларынын Сенаттагы өкүлдөрү Кремлге каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү шарттаган мыйзам долбоорун даярдашты. Бул тууралуу документтин демилгечилеринин бири, сенатор-демократ Бен Кардин билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору ушул жумада жарыяланышы мүмкүн. “Бул Конгресстин Кремлге карата кошумча санкцияларды киргизүү боюнча даярдаган ири масштабдагы мыйзам долбоору болот”,-деди Бен Кардин. Санкция Москванын чыгыш Европадагы, анын ичинде Крымдагы аракеттери жана Сирияда Башар Асаддын режимин колдогондугуна жооп болот.
Азырынча АКШнын жаңы шайланган президенти санкцияларды киргизүүгө милдеттүүбү же мыйзам чыгаруучулар ага формалдуу түрдө гана документти жарыялоо мүмкүнчүлүгүн берери белгисиз.
АКШ президенти Барак Обама 29-декабрда өз жарлыгы менен Америкадагы соңку президенттик шайлоо кампаниясына кийлигишкен орусиялык атайын кызматтарга, алардын жетекчилерине, бир нече фирмаларга жана жарандарга санкцияларды киргизген.
Тыңчылыкка шектелип Америка Кошмо Штаттарынан 35 орусиялык дипломат чыгарылган. Көптөгөн америкалык мыйзам чыгаруучулар Орусиянын Американын шайлоо кампаниясына кийлигишүүсүн парламент тарабынан иликтөө керектигин айтып, кошумча санкцияларды киргизүү идеясын колдошот.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









