Быйылкы жылды "Айыл жана айыл чарба жылы" деп атоону сунуш кылабыз, - коомдук ишмер С.Бекботоев
Жалал-Абад облусунун айылдык жарандары Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш. Атамбаевге кайрылуу жолдошуп, 2017-жылды "Айыл жана айыл чарба жылы" деп атоону сунуш кылып жатышат. Бул тууралуу Абды Сүйөркулов атындагы коомдук фондунун төрагасы, коомдук ишмер Сарымсак Бекботоев билдирди.
Кайрылуу төмөндөгүчө жазылган:
Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Өткөн 2016-жылды "Тарых жана Маданият жылы" деп атаганыңызга байланыштуу тарыхыбыз такталып, маданиятыбызда айрым жылыштар орун алды. Мунун далили болуп дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн "Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну" болду.
Эми "Ааламга кеткен жол айылдан башталат" деген сөздүн чындыгы бар болсо, анда айыл жеринде жашаган калктын жана чоң тармак деп аталган айыл чарбасын ойлонууга да кезек келди го деп ойлойбуз. Анткени, калкыбыздын басымдуу көпчүлүгү айыл жеринде жашайт. Ошондой эле биздин өлкө агрардык болгондугуна байланыштуу, ички дүң продукциянын басымдуу көпчүлүгүн айыл чарбасы берерин эске алсак, анда айыл жери менен айыл чарбасы өлкө башчысынын колдоосуна муктаж.
Эмне үчүн дегенде айыл жеринде көйгөйлүү маселелер көп. Атап айтканда: таза суу, бала-бакча, мектеп, мончо, жол, ооруканалар жетиштүү түрдө чечилбей келет.
Ошондой эле, айыл чарба тармагында трактор, комбайндар менен соко шаймандардын эскилиги, жер семирткичтердин жетишсиздиги, таман акы, маңдай тери менен өндүргөн азык-түлүктөрүн сата албай, кампаларда чирип жаткандыгы чоң көйгөйлөрдү жаратып жатат. Мындай терс көрүнүштөрдү жөнгө сала турган бирден бир иштиктүү иш-чаралардын бири болуп быйылкы 2017-жылды "Айыл жана айыл чарба жылы" деп атоону сунуш кылабыз.
Урматтуу президент!
Өзүңүз айылда туулуп өсүп, айыл жериндеги көйгөйлөрдү жакындан билген адам катары, президенттик мөөнөтүңүз бүтөр алдында айыл жана айыл чарбасынын өсүп-өнүгүшүнө эшик ачып кетет го деген үмүттө 2017-жылды "Айыл жана айыл чарба жылы" деп аталышын айылдыктар сизден көптөн-көп өтүнөт жана суранып күтөт.
Жалал-Абад облусунун айылдык жарандарынын суроо, талаптарын кагазга түшүргөн, Абды Сүйөркулов атындагы коомдук фондунун төрагасы, коомдук ишмер Сарымсак Бекботоев.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13