KELECHEK
rek

Назарбаев Карагандада үй урап курман болгондордун жакындарына көңүл айтты

Назарбаев Карагандада үй урап курман болгондордун жакындарына көңүл айтты

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Карагандадагы беш кабаттуу үйдүн жарымы урап, каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Кырсыктын кесепетинен тогуз адам мерт кеткен.

Казак президенти жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө окуя учурунда жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам берүү үчүн ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул арада Караганда облусунун акимчилиги курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир миллион теңгеден, ал эми жабыр таркандарга 500 миң теңгеден акчалай жардам берет. Жергиликтүү бийлик каза тапкандарды жерге берүү зыйнатына кетчү чыгымдарын да көтөрөт.

Мыйзамга ылайык, кырсыктын кесепетинен келип чыккан чыгымдарды атайын комиссиянын эксперттери баалап чыгат. Анын жыйынтыгы менен жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилет.

1-январь күнү кечинде Казакстандын Шахан шаарчасында көп батирлүү үйдүн жарымы урап, андан кеминде тогуз адам мерт болгон. Урандылардын алдынан беш адам куткарылган, алардын экөө – жаш бала.

Шахан шаарчасы борбор калаа Астанадан түштүк чыгышты көздөй 200 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13