Бишкек түрк ММКларынан Машрапов жөнүндөгү маалыматты төгүндөөнү талап кылат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргыз жараны Яхьё Машраповду Стамбулдагы терактка тиешеси бар деп эсептебей тургандыгын билдирди. Маалыматка караганда, ал түнкү клубга чабуул жасалган маалда Кыргызстанда болгон.
Күн мурун Стамбулдагы кол салууга тиешеси бар болушу мүмкүн деген божомолдор менен Яхьё Машраповдун паспортундагы сүрөтү интернетке жарыяланып кеткен.
Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу бир катар түркиялык маалымат каражаттарынан “Рейна” түнкү клубундагы кол салууга кыргыз жараны Яхъё Машраповдун тиешеси болгон деген маалыматтарын төгүнгө чыгарууну талап кылат. Консулдуктун кызматкерлери бул маселе боюнча TRT World каналы, «Йени Шафак», «Хүрриет” агенттиктери менен байланышкандыктарын билдиришти.
Буга чейин түрк маалымат каражаттары жергиликтүү ММКларга шилтеме кылуу менен болжолдуу түрдө чабуул уюштурууга шектелген адам Өзбекстандын же Кыргызстандын жараны экенин кабарлашкан. Кийинчерээк интернетте кыргыз жараны Машраповдун паспортундагы сүрөт жарыяланып, ал кол салууга шектүү экени айтылган.
1-январга караган түнү белгисиз адам Стамбулдагы Reina түнкү клубунун кире беришинде полиция кызматкерин өлтүрүп, андан соң клубда Жаңы жыл тосуп жаткан адамдарга карата ок чыгарган. Жыйынтыгында 39 киши мерт кетип, дагы 69у жаракат алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









