KELECHEK
rek

Атамбаев: Кыргызстан Өзбекстан менен мамилени бекемдөө ниетинде

Атамбаев: Кыргызстан Өзбекстан менен мамилени бекемдөө ниетинде

Кыргызстан Өзбекстан менен болгон мамилени мындан ары дагы бекемдөө ниетинде. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевге жолдогон кайрылуусунда билдирген.

Катта Өзбекстанда болгон иш сапары учурунда кыргызстандык делегацияга көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык айтылган. Алмазбек Атамбаев кайрылуусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу кол коюлган келишимдин 20 жылдык мааракеси белгиленген күндү жылуу маанайда эскерет.

“Биз эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы багыттарын аныктап, өз ара түшүнүшүүгө жетиштик деп терең ишенем. Достук тууралуу келишимге жаңы өмүр тартууланып, ал эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштейт деп ойлойм”,-деп белгилеген Атамбаев.

Өлкө башчы жолугушуу учурунда жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда келишпестик жараткан бардык маселелерди чечүүгө жол ачат деп үмүттөнөт.

Өз катында Алмазбек Атамбаев Өзбекстан президентин 2017-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Президент Өзбекстанга 2016-жылы 24-декабрда иш сапар менен барган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12