KELECHEK
rek

УКМК Стамбулдагы терактка тиешеси бар деп шектелген кыргызстандыкты суракка алды

УКМК Стамбулдагы терактка тиешеси бар деп шектелген кыргызстандыкты суракка алды

УКМК кызматкерлери Стамбулдагы чабуулга шектүү деп паспорту интернетке жарыяланып кеткен кыргызстандык Яхие Машраповду суракка алышты. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

«Маалымат пайда болору менен ыкчам-иликтөө иштери башталган. Анын жашаган жери аныкталгандан кийин УКМК кызматкерлери аны мекеменин райондук бөлүмүнө алып барып, суракка алышты. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет», - деди Сулайманов.

Буга чейин түрк маалымат каражаттары Стамбулдагы терактка шектүү адам Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөнү тууралуу маалыматты жана кыргыз жаранынын сүрөтүн жарыялашкан. Машраподун өзү Turmush.kg басылмасына берген маегинде Түркиядагы чабуулга тиешеси жок экенин билдирген. Айтымында, ал Стамбулга 28-декабрда учуп барып, 30-декабрда Кыргызстанга кайтып келген. 31-декабрда Кыргызстанда болуп, 1-январда кайра Стамбулга учуп барган. 3-январда Бишкекке кайтып келген.

«Стамбулдагы аэропортко барып учакка отурсам Түркиянын укук коргоочулары мени алып түшүп, 1 саат бою суракка алышты. Андан улам Бишкекке учуучу учак 1 саат кармалып турду. Акырында алар терактка байланыштуу суракка алышканын, шектүүгө түспөлдөш экенимди айтып, кечирим сурап узатып коюшту», – деди ал.

Бул арада расмий Анкара “Рейна” түнкү клубундагы кол салууну кыргыз жараны уюштурду деген түрк жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кабарларга көңүл бурбоого чакырганын Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирди.

1-январга оогон түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубунда теракт болгон. Куралдуу кол салуунун жыйынтыгында 39 киши каза болуп, 69у жаракат алган. Буга чейин түрк ММКлары полициядагы булактарына шилтеме кылуу менен кол салган адам болжол менен Өзбекстандын же Кыргызстандын жараны экенин билдирип жатышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53