«Кыргызалтын» ААК канада сотунда түрк компаниясын жана В.Белоконду кайрадан утуп алды
“Кыргызалтын” ААК «Систем Мюхендислик», «Стэнс Энерджи Корп.», «Энтес Индастриал» компанияларын жана Валерий Белоконду канада сотунда кайрадан утуп алды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы 29-декабрда Онтарионун аппеляциялык соту (Онтарио провинциясынын жогорку соттук инстанциясы) Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi, Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. жана жаран Валерий Белокондун Онтарионун 2016-жылы 11-июлдагы чечимине карата апелляциялык доосун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарды. Онтарионун Жогорку сотунун “Кыргызалтындын” пайдасына чыгарган чечими күчүндө калды.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы 11-июлда Канаданын көрсөтүлгөн соттук инстанциясы (сот Коньвей) Кыргызстанды “Кыргызалтын” ААКтын “Центерра Голд Инк.” Компаниясындагы акцияларынын бенефициары катары таануу жана акциялардын 60%дан ашыгын КРга каршы 165 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы арбитраждык чечимди аткаруунун эсебинен доочулардын жеке менчигине төлөтүү тууралуу доону кароонун жыйынтыгы боюнча чыгарылган.
Сот “Кыргызалтын” АККтын “Центерра Голд Инк.” Компаниясындагы бардык акциялары доочулар ката эсептеп алышкандай КР Өкмөтүнүн эмес, “Кыргызалтын” ААКтын жеке менчиги болуп саналарына токтолду.
“Эми Канада сотунун аталган чечимине ылайык, “Центерра Голд Инк.” Компаниясындагы акцияларды Кыргызстанга доосу бар тараптар конфискация кыла албайт. Утулган 3 тарап (Латвиянын жараны Валерий Белоконь и түрк компаниялары: Sistem Mühendislik İnşaat Sanayi Ve Ticaret Anonim Sirketi и Entes Industrial Plants Construction & Erection Contracting Co. Inc.) сот процессинде анын чечимине даттанышкан, ошол учурда «Stans Energy Corp.» канада компаниясы чечимди талашпоону чечкен”,-деп белгиледи “Кыргызалтын”.
Белгиленгендей, 3 доочунун апелляциянын алкагындагы бардык аргументтери Апелляциялык соттун 3 соту тарабынан бир добуштан жокко чыгарылды. “Кыргызалтын” ААКтын өкүлдөрүнүн ишенимдүү аргументтерин эске алып, сот “Кыргызалтын” ААКтын далилдерине макул болду.
“Азыркы учурда доочуларда 9 соттон турган Жогорку соттун коллегиясында кароо үчүн даттанууга уруксат берүү тууралуу өтүнүчү менен Канаданын Жогорку сотуна кайрылуусуна мүмкүнүлүк бар. Бирок, Канаданын Жогорку соту мындай даттанууга чанда гана уруксат берет. 2016-жылы 29-декабрдагы жеңиш “Кыргызалтын” ААКтын 5 жылга созулган канада сотторундагы талаш-тартыштардын серияларына катышуусунун жыйынтыгын камсыздайт деген ишеним бар”,-деп айтылат билдирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18