KELECHEK
rek

Щвецария мамлекетинин жардамы менен Бүргөндү айыл аймагына спорттук аянтча курулду(фото)

Щвецария мамлекетинин жардамы менен Бүргөндү айыл аймагына спорттук аянтча курулду(фото)

Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында жайгашкан №18 М. Молдалиев атындагы орто мектебинде спорт аянтчасы курулуп, анын ачылыш аземи  30-декабрда Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин катышуусунда болду.


Спорт аянтчасынын ачылыш аземине облустук, райондук жетекчилер жана айыл өкмөттүн аппараты, Бүргөндү айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылынын тургундары катышты. Спорт аянтчасы Швецария мамлекетинин өкүлчүлүгү, жергиликтүү бийликтин жана элдин каржылоосу менен курулган.

Көп жылдардан бери бул мектептин окуучулары ойной турган спорттук аянтчасы жок болгон. Бул көйгөйдү чечүү үчүн айыл тургуну Азамат Сатыкулов “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондуна долбоор жазган. Жалпы долбоордун сметалык баасы – 5,5 миллион сом болсо, аткарылган жумуш 2 миллион 269 миң сом болгон.

- Швецария мамлекетинин өкмөтү тарабынан 1 миллион 35 миң сом, анын ичинен №18 орто мектебинен 500 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 600 миң  сом, айылдын элинен 150 миң сом акча каражаты топтолгон. Жазында спорт аянтчасына газон өстүрүү жумушу жасалат. Курулушка айыл тургундары өздөрү кол кабыш кылышып, жакындан жардам беришти, - дейт А.Сатыкулов.

Спорт аянтчасынын ачылыш аземине келген айыл тургундары күзүндө болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоодо А. Сатыгулов депутат болуп шайлангандыгын куттукташып, башына ак калпак, үстүнө чапан жабыШып, ыраазычылык билдиришти.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20