
Ноокендик Эрландын кыялы орундалып, Президенттен алабай күчүктү белекке алды (ФОТО)

Бүгүн, 30-декабрь күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев КР Президенти Алмазбек Атамбаев берип жиберген алабай күчүктү Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 орто мектебинин 6-классынын окуучусу Эрлан Ташбаевге белекке тапшырып келди.
Эрлан азыр 11 жашта. Анын айтымында, Нурбакыт деген досу ага күчүк белекке берген. Бирок, быйылкы биринчи жааган карда күчүгү суукта өлүп калган. Күчүгүнүн өлүп калганына кайгырып күнү бою ыйлаган. “Ёлки” деген кинону көрүп калып, андагы жаш баланын президентке күчүк сурап кат жазганын таасирленүү менен айтып берди.
- Нурбакыт аттуу досум мага күчүктү белек кылган. Ал күчүк биринчи каар жааганда суукка тоңуп өлүп калды. Мен капа болуп күнү бою ыйладым. Телевизордон “Ёлки” деген кинону көргөмүн. Анда жаш бала президентке күчүк белек кылуусун сурап кат жазат. Мен да ойлонуп отуруп, бул кинодо эле болобу, же чыныгы турмушта да ишке ашабы? – деген ойдо Президентке менин күчүгүм өлүп калганын, анын ордуна башка күчүктү белекке алгым келе тургандыгын жазып койгомун. Бул сыяктуу окуялар кинолордо гана эмес, чыныгы жашоодо да бар экенин билгим келди. Кат жазганымды үйдөгүлөргө да, эч кимге айткан эмесмин, болгону Айпери эжем Бишкекке кетип жатканда андан берип жибердим. Ак үйгө катты таштап өтүңүз дегем. Мен ойлогом, бул катыма президент көңүл да бурбаса керек деп. Анан ал кат эсимден деле чыгып калган эле, күтүлбөгөн белек болуп, мен быйыл президенттик балатыга жолдомо алып, Бишкекке барып катышып келдим. Ал жерде Президенттин сүйлөгөнү жакты. Жалал-Абаддан 30 бала барыптырбыз. Президенттик балатынын аталышы “Жаңы жылдык саякат” экен. Мындай аталышынын себеби, жаш бала жана анын географчы чоң атасы менен чогуу ар кайсы жерлерге саякатка барып жүргөндүгү тууралуу көргөзүштү, - дейт Эрлан Ташбаев.
Өкүл К.Сатыбалдиев, ОИИБнын башчысы Ж.Джоробеков, УКМКнын облустук башкармалыгынын жетекчиси К.Бокаев, Ноокен районунун акими А.Осмонов баш болгон жергиликтүү жетекчилер Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 орто мектебинин окуучуларынын Жаңы жылдык балаты майрамына катышып, балдардын концерттик программасына күбө болушту.
Андан кийин, окуучулардын, ата-энелердин катышуусу менен өкүл К.Сатыбалдиев Алабай күчүгүн, компьютерди жана уюлдук телефонду президенттин атынан Эрланга салтанаттуу түрдө тапшырды.Мындай белекке республика боюнча 13 бала ээ болгон.
Эрлан өзү окуган 6-“В”классынын президенти, мектептин алдыңкы окуучуларынан. Ноокен районунун акими Абдырахман Осмоновдун сөзүнө караганда, район боюнча 4 окуучу президенттин балаты майрамына. 13 окуучу губернатордун балаты майрамына катышып келишти.
Президенттен Алабай күчүк белекке алган Эрлан Ташбаевдин апасы Бумайрам Аттокурова Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштейт. Ал эми атасы Санжар Ташбаев облустук прокуратуранын кызматкери. Эрлан эки эгиз агалары менен таята, таенесинин колунда тарбияланышат.
- Мурда эгиз агаларым компьютерде иштеш үчүн интернет клубтарга барчу. Эми президент белекке берген компьютерди иштетип, эгиз агаларым отурганын элестетип сүйүнүп жатам. Өзүмдүн белекке алган телефонум аркылуу апам менен сүйлөшөм. Анткени, апам менен сүйлөшүп алайын деп коңшулардан суранчумун, алар кээде бирдик жок деп телефондорун бербей коюшат эле. Мына эми өзүмүн телефонум бар. Күчүгүмдү эми суукка үшүтпөй, абайлап багам", - деп кубанычтуу жылмайды Эрлан.
Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg"
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30