Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин Жаңы жылдык куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичтин Жалал-Абад облусунун калкын кирип келаткан жаңы 2017- жылы менен куттуктоосу
Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары!
Соңуна чыгып бараткан 2016-жыл “Тарых жана маданият” жылы катары бардык мекендештерибиздин эсинде калды. Сандаган кылымдар катмарында башынан нечендеген оош-кыйыш тагдырларды өткөрүп, тарыхы менен санжырасынын, улуттук маданияты менен салтынын көрөңгөсүн бөксөртпөй келген уңгулуу элибиз Президент Алмазбек Шаршеновичтин “Тарых жана маданият жылы жөнүндө” Жарлыгын кубануу менен кабыл алды.
Айрыкча илимпоздорубуз менен маданият ишмерлерибиз үчүн мөмөлүү жыл болду. Алар сан кылымдардан бери катылып жаткан тарыхый жана маданий казыналарыбыздын актай барактарын толуктоого кошумча мүмкүнчүлүк алышты.
Бул жылы Ысык-Көлдө өткөн “Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына” облусубуздун маданият ишмерлери зор салымдарын кошуп, алдыңкы байгелерге ээ болушту. Массалык маалымат каражаттарында облусубуздун тарыхы, маданияты, салты кенен чагылдырылып, телетасмалар көрсөтүлдү.
Облусубуздун чарбалык, экономикалык, социалдык тармактарында алгылыктуу өсүштөр болду. Айрыкча “Балыкчы – Жалал-Абад” алътернативдүү автомагистралынын курулушу өз нугунда жүрүп жатышы бардыгыбызды кубандырууда. 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо жана Референдумда облусубуздун эли жарандык активдүүлүктү көрсөттүңүздөр.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү 2017-жылда “Ош - Бишкек” автомагистралынын “Барпы - Маданият” аралыгындагы бүтпөй калган 67 километрин баштоо, “Жалал-Абад” аэропортунан Бишкекке жумасына 3 рейс авиакаттам жүргүзүүнү ишке ашыруу сыяктуу бир катар ири социалдык-экономикалык приоритеттүү жумуштарды жасоону пландап жатабыз.
Урматтуу облусубуздун тургундары! Кирип келген жаңы 2017-жылды кубанычтар менен тосуп алыңыздар. Жаңы жылыбыз бакубатчылыктын, ынтымакчылыктын бардык тарабынан төп келишкен жылы болсун. Жараткан бардыгыңыздарга жакшылыктарды ыроолосун. Бардыгыңыздардын аруу тилектериңиздер ишке ашсын!
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13