Жалал-Абадда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду
Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневралогиялык стационардык жатак үйүндө тарбияланып жаткан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, ага Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев катышты. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата Жаңы жылдык балаты майрамы жылына уюштурулуп келет. Бул жылы да алардын маанайларын көтөрүү жана майрамдык шаң тартуулоо максатында “Ариет” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.
-Аталган жайда тарбияланып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген 100 балага шаардык мэрия тарабынан 50 миң сом акча каражаты бөлүнүп, майрамга карата белектер да тапшырылды дейт, - Т.Темирбаев.
Аталган жатак үйүнүн жетекчиси Дамира Алимжанованын айтымында, бул жерде балдар ден-соолугунун абалына жараша беш топто 100 бала тарбияланат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13