Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов иш сапар менен Жалал-Абад облусунда болду
Кечээ, 28-декабрда Жалал-Абад облусуна Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов иш сапар менен келди. Ал өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө жыйын өткөрүп, ага өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да катышты.
Жыйында К.Сатыбалдиев жыл бою Жалал-Абад облусунда болгон өзгөчө кырдаалдар боюнча токтолуп, жаратылыш кырсыктарын алдын алууда жана аны жоюда көрсөткөн жардамы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрине жана анын эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде министр Боронов аткарылган иштер боюнча маалымат берип, быйыл жаз, жай жамгырлуу болуп жер көчкү, сел сыяктуу кырсыктар көп болгонун айтты. «Быйыл, 2016-жылы өзгөчө кырдаалдарга 1 миллиард сом чыгымдалды. Анын басымдуу бөлүгү Баткен, Жалал-Абад облустарына берилди»,- деди Боронов.
Министрдин маалыматына ылайык келе жаткан 2017-жылы район, шаарлардагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу үчүн пландар түзүлүүдө. Анын алкагында министрликтен 370 орун бошотулуп, анын ордуна райондордо мониторинг жана байкоо жүргүзүүчү адистер тартылат. Куткаруу, өрт өчүрүү бөлүмдөрүн кеңейтүү да каралып жатат.
Жыйында министр Кубатбек Бороновго Чаткал районун, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамдары ыйгарылды. Ал эми Кубатбек Боронов калк арасында министрликтин ишине жардамдашкан жарандарды ардак грамота менен сыйлады.
Андан сырткары өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Таш-Көмүр шаарында ушул жылдын 16-декабрында кырсыктаган 4 адамды куткаруу ишинде көрсөткөн күжүрмөндүгү үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир катар кызматкерлерди Ардак грамота менен сыйлады.
“Аймак.kg”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05