KELECHEK
rek

Жалал-Абадда өткөн өкүлдүн балаты майрамына облустун район-шаарларынан келген балдар катышты

Жалал-Абадда өткөн өкүлдүн балаты майрамына облустун район-шаарларынан келген балдар катышты

Жалал-Абаддагы Барпы атындагы драма театрынын фойе-залында облустун район-шаарларындагы мектептеринен Ыйгарым укуктуу өкүлдүн «Балаты майрамына» келген 125 окуучуну жана аларды коштоп келген ата-энелер менен мугалимдерди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев куттуктап, жаңы жылдык баалуу белектерди тапшырды. 

- Урматтуу окуучулар! Мына бүгүн силер облусубуздын ар тарабынан келип, жаңы жылдык балаты майрамына катышып жатасыңар. Силерди ушул балаты майрамына өзүңөр окуган мектептердеги окуучулардын арасынан тандап жөнөтүштү.

Азыр силерди коштоп келген ата-энелериңер, ага-эжелериңер жана мугалимдериңер да чексиз кубанычта болуп турушат. Анткени силер мектепте жакшы окуп, классташтарыңарга, курбу-курдаштарыңарга өзүңөрдүн адептүү жүрүш-турушуңар менен үлгү болосуңар.

Балалык кездеги бул күнүңөр силердин эсиңерде өмүр бою сакталып калат. Силер бул жерде бири-бириңер менен жакындан таанышып, достошуп, тез-тез кабарлашып тургула.

Силердин араңарда келечектеги мугалимдер, спортсмендер, артисттер, ырчылар, жазуучулар, инженерлер, врачтар, учкучтар, куруучулар, ишкерлер, тарыхчылар, философтор, саякатчылар жана ар тараптуу окумуштуулар бар.

Силер мындан ары да жакшы окуп, курбу-курдаштарыңарга үлгү болгула. Ата-энеңерди ар дайым кубандыргыла. Кыргыз мамлекетин дайыма жакшы жагынан дүйнөгө тааныткыла.

Мен силерди ушул балаты майрамыңар жана кирип келаткан жаңы жылыңар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, өзүмдүн жана облусубуздун элинин атынан чын дилимден куттуктайм!

Бардыгыңар Кыргызстандын туу көтөрчү уул-кыздарынан болуп өскүлө. Бабабыз Манастын урпактары деген даңктуу наамды бекем сактагыла. Жаңы жылда бардыгыңарга окуудагы ийгиликтерди, үй-бүлөдөгү тынчтыкты, ден-соолукту каалайм.

Өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болсун, менин бөбөктөрүм жана ини-карындаштарым! Дагы бир жолу жаңы жылыңар менен!-деп сөзүн аяктады ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

«Балаты майрамында» окуучуларга театрдын артисттери кызыктуу жомокторду инсценировкалап көрсөтүштү. Окуучулар да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Тактай кетсек: Ыйгарым укуктуу өкүлдүн «Балаты майрамы» 26-27-28-декабрь күндөрү облустун аймагындагы бир катар адистештирилген билим-тарбия берүү мекемелеринде өтөт.  Бул иш-чараларга өкүлдүн резервдик фондунан 288 миң сом бөлүнгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн пресс-катчысы Уланбек Парманов.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30