KELECHEK
rek

Ошто балдар үчүн мэрдин балатысы өттү (ФОТО)

Ошто балдар үчүн мэрдин балатысы өттү (ФОТО)

Кечээ, 27-декабрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Келечек” чыгармачыл балдар борборунда балдар үчүн уюштурулган “Алтын балаты” аттуу  жаңы жылдык майрамга катышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Жаңы жылдык балатыга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, балдар үйүндө тарбияланып жаткан наристелер, көзү азиздер үчүн адистештирилген мектебинин окуучулары жана шаардагы алдынкы окуучулар чакырылган. Алар калаа башчысы менен биргеликте жаңы жылдын символу балатыны күйгүзүп, тегерене бийлешти.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев  келечек муундун өкүлдөрүн билимдүү болууга үндөп, жаңы жылы менен куттуктады.

“Жыл сайын жаш досторум менен бирге жаңы жылды тосуп, жакшы каалоолорумду айтуу мен үчүн бактылуу күндөрдүн бири. Убакыт учкан куштай тез эле өтөт. Силер бүгүн балалык кыялыңар менен мугалим, доктор, актер, космонавт, инженер болгуңар келет .Мен силердин тилегиңер ишке ашышына тилектешмин. Көп окуп, билимиңерди жогорулатып, жүрүм турумуңар менен башкаларга үлгү болгула. Жаңы жыл силерге жаңы ийгиликтерди, жакшылыктарды алып келсин”, - деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, наристелерге майрамдык маанай тартуулады. Аяз ата, аяз кыз, токой жаныбарлары менен биргеликте балдарга оюн-зоок программаларын көрсөтүп, конкурстар уюштурулуп, таттуулар таратылды.

“Жаңы жылдык балатыда 160дан ашуун балага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан белектер тапшырылды. Айта кетсек, балдар үчүн даярдалган белектерге жалпысынан 130 миң сом жумшалган”, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13