KELECHEK
rek

Кыйраган Ту-154түн «кара кутусу» табылды

Кыйраган Ту-154түн «кара кутусу» табылды

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, суучулдар жекшембиде Кара деңизде кыйраган Ту-154 учагынын бортундагы «кара кутуну» табышты. Бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги ырастады.

"Кара куту” жабыркаган эмес жана ал иликтөөчү борборго жөнөтүлдү. Бул арада дагы үч адамдын денеси табылган. "Интерфакс" болсо экинчи "кара куту" кайсыл жерде экендиги да аныкталганын билдирүүдө.

Мурдараак "Коммерсантъ" басылмасы жеке булактарына таянуу менен окуяга ФСБнын чек ара аскерлигинин жээк кайтаруу кызматкери күбө болгонун жазган. Ал учак өтө жай ылдамдыкта учуп, алдыңкы бөлүгү бир топ жогору көтөрүлүп турганын айткан. Бул маалымат учкуч ката кетирген деген версияны көбүрөөк чындыкка жакындатууда.

Орусиядан Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда кыйраган. Анын бортундагы 92 адамдын баары набыт болгон. Федералдык коопсуздук кызматы терракт версиясын четке кагууда. Мекеме сапатсыз күйүүчү май, учак кыймылдаткычтарынын иштен чыгышы, техникалык мүчүлүштүк жана учкучтардын катасы кырсыкка себеп болгон деген божомолду айтууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...