Текебаев УКМК башчысын жоопко тартууну талап кылууда
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Бул тууралуу депутат Бишкекте өткөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, буга чейин эл өкүлү Белгизден келген материалдардын көчүрмөсүн берүү боюнча УКМКга расмий түрдө билдирүү жолдогон. Бирок мекеме ыкчам-иликтөө иш-аракеттери жөнүндө мыйзамга таянуу менен өтүнүчтү четке каккан. Дал ушул мыйзамга ылайык, Сегизбаевдин жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга укугу жок болчу. Текебаев документтин мазмуну Жогорку Кеңештин жыйыны жана ММК аркылуу коомчулукка белгилүү болгонун, буга байланыштуу сыр деген макамын жоготконун белгиледи.
Текебаев УКМК башчысы Сегизбаев документтердин көчүрмөсүн депутаттарга берүүгө убада кылганын эске салды. «Биз мекемеге кайрылып бирок терс жооп алдык. Мына ушундан кийин Башкы прокуратурага кайрылып, УКМК башчысы Абдил Сегизбаевге юридикалык баа берүүнү сурадык», - деди «Ата Мекендин» лидери. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Белгизден келген документтер такталбаса, Сегизбаев жооп берерин айткан. Текебаев болсо убакыт өттү бирок эч нерсе тастыкталган жок деп эсептейт.
Өткөн айда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча үч “атамекенчи” депутат мындан төрт жыл мурун “Альфа телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









