Казакстанда бийликтен кысым көргөн журналист өлкөсүнөн чыгып кетти
Radiotochka.kz сайтынын башкы редактору Бекжан Идрисов коррупцияга каршы кызматтын кысымынан улам Казакстандан чыгып кеткенин билдирди. Журналисттин Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бюронун тергөөчүлөрү андан Radiotochka.kz порталынын ээси Бигелди Габдуллинге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышкан.
Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана Radiotochka.kz ресурсунун негиздөөчүсү Бигелди Габдуллин өткөн айда камалган. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын версиясы боюнча ал өз көзөмөлүндөгү ММКларга мамлекеттик органдардын жетекчилери жөнүндө терс маалыматтарды чыгарып, аларга карата маалыматтык чабуул жүргүзгөн. Андан соң сын макалаларды жарыялоону токтотуу үчүн аткаминерлерди опузалап, жеке медиаресурстары үчүн алардан мамлекеттик буйрутмаларды талап кылып келген.
Бекжан Идрисовдун айтымында, тергөөчүлөр андан эл алдында Габдуллиндин иши боюнча пикир айтууну токтотууга үндөшкөн. Андан соң жалган көрсөтмө берүүгө айыптап, башкы редактор менен бирге абакка отургузуп коюшарын айтып коркутушкан. Бул арада прокуратура Идрисовго издөө жарыялаганы кабарланууда.
Бекжан Идрисов коопсуздугун камсыздоо максатында кай жакта экенин ачыкка чыгарган жок. Ал Казакстандан үч жума мурун чыгып кеткен, кечээ үй-бүлөсү дагы анын жанына келди.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура Бекжан Идрисовдун билдирүүсү боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









