Амур дарыясында Кытай менен Орусияны бириктирген көпүрө курулушу башталды
Алыскы Чыгыштагы Амур дарыясы аркылуу Кытай менен Орусияны бириктирчү автоунаа көпүрөсүнүн курулушу 24-декабрда башталды. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик ММКлары жазып чыгышты. Курулуш боюнча келишимге бир жыл мурун кол коюлган, долбоор болсо 28 жыл мурун эле сунушталган болчу.
Долбоорго ылайык, 20 чакырымдык көпүрө Хэйлунцзян провинциясындагы Хэйхэ шаары менен Орусиянын Благовещенск шаарын бириктирет. Кытай көпүрөнүн үчтөн бирин, Орусия үчтөн эки бөлүгүн куруу милдетин алган. Андан сырткары орус инженерлерине көпүрөнүн эки бөлүгүн бириктирүү милдети жүктөлгөн.
Көпүрө жылына үч миллиондон ашык жүк жана бир жарым миллонго жакын жүргүнчүнү тейлөөгө кубаттуу. Объектини 2019-жылдын октябрында пайдаланууга берүү пландалууда. Бирок айрым эксперттер Москва менен Пекиндин өз ара ишенбөөчүлүгүнүн фонунда көпүрөнүн курулушу графиктен кечеңдеши мүмкүн дешүүдө.
Анткен менен Батыштын санкцияларынын басымы алдында турган Орусия товарларын Кытайга экспорттоого кызыкдар. Пекин болсо өз экономикасынын өнүгүүсү үчүн орусиялык энергоресурстар менен сырьолордун жеткирилип турушун каалайт.
Башка биргелешкен инфраструктуралык долбоорлордун токтоп тургандыгын эске алганда, Амур дарыясы аркылуу өтчү 355,6 миллион долларга бааланып жаткан көпүрөнү пайдаланууга берүү мөөнөтү кийинки жылдарга жылдырылышы мүмкүн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38