Өзбекстан Кыргызстанга автоунааларды жана айыл чарба техникаларын экспорттоого кызыктар
Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапары учурунда эки өлкө президенттери жакынкы эки жыл аралыгында товар жүгүртүүнүн көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүү зарылдыгын билдиришти. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлайт.
«Мамлекеттер аралык мамиленин негизги тармагы – соода-экономикалык кызматташтык. Быйыл товар жүгүртүүнүн көлөмү 23% жогорулады. Ага карабай, бул эки өлкөнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келбейт», - деп айтылат билдирүүдө.
Товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга Өзбекстанда өндүрүлгөн айыл чарба техникаларын, жеңил жана жүк ташуучу автоунааларды, автобустарды ырааттуу түрдө экспорттоо зарылдыгын билдирди. Бул иш сервистик кызмат көрсөтүү менен дагы толукталып турат.
Өзбекстан кыргыз өнөктөштөрүнө азот, фосфор, калий жана татаал комплекстүү жер семирткичтерди, ошондой эле трансформаторлордон тарта кабелдик-өткөрүүчү продукциялардын бардык түрлөрүн, тиричилик техникаларын, текстиль, курулуш товарларын, эмерек жана илимий-лабораториялык жабдууларды сунуштады.
Өз кезегинде Кыргызстан дагы Өзбекстанга керектүү болгон продукцияларды экспорттоо жагын уюштура алат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38