Москва менен Дүйшөмбүнүн авиажаңжалы курчуду
Тажикстан Дүйшөмбүдөгү орусиялык «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясынын учууларын токтотту. Буга чейин Орусияда тажикстандык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салынган. Буга байланыштуу тажик тарап ушундай мүнөздө жооп кайтарды.
Тажикстан Жарандык авиация департаменти маалымдагандай, орусиялык авиакомпаниянын Краснодар, Красноярск, Уфа жана Челябинск шаарларынан Дүйшөмбүгө сапар алчу каттамдары токтотулду.
Тажик делегациясы менен орусия тараптын 22-декабрда Москвада өткөн сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан эмес. Бул жолугушуу ийгиликтүү болбогон соң, 23-декабрда Орусия тажикстандык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учууларын токтоткон.
Бир апта мурун Тажикстан "Жуковский" аэропортунан “Ямал” авиакомпаниясынын учууларын кабыл албай тургандыгын жарыялаган. Буга байланыштуу «Сомон Эйр» “жазаландырылганын” Орусиянын Транспорт министрлигинин өкүлү «Интерфакска» маалымдады. «Сомон Эйрдин» Орусияга болгон каттамдарына канчага чейин тыюу салынары белгисиз. Эми компания Казань, Иркутск, Оренбург, Сочи жана Новосибирск багыттары боюнча каттай албайт. Бул арада Москва жана Санкт-Петербург шаарларына учактар мурдагы режимде учуусун улантат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









