KELECHEK
rek

“ОшТВ” телерадиокомпаниясы “Жыл тандоосу- 2016” аттуу чоң программадагы концерт уюштурду

“ОшТВ” телерадиокомпаниясы “Жыл тандоосу- 2016” аттуу чоң программадагы концерт уюштурду

Кыргызстандын түштүк аймагын маалымат менен камсыздап келе жаткан “ОшТВ” телерадиокомпаниясы 22-декабрь күнү жыл жыйынтыгын чыгарып, “Жыл тандоосу- 2016” аттуу чоң программадагы концерт уюштурду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык депутататар кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, “ОшТВ” телерадиокомпаниясынын башкы директору Керим Калыкулов, ММА жана Панкратион боюнча федерациянын президенти Улукбек Өмүрзаков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдар, жеке ишкерлер, шаар тургундары жана көрармандар келип катышты.

Вице-мэр Н.Кадыров чейрек кылым тарыхы бар “ОшТВ” телерадиокомпаниясына ийгилик каалап, баардык тарапты бирдей караган калыс канал экендигин баса белгиледи.

“«ОшТВ» телеканалы өз ишмердүүлүгүн 1991-жылы тартып, Борбордук Азиядагы биринчи көз карандысыз телерадиокомпания катары негизделип, коомдогу социалдык, экономикалык, саясий окуялар, шаардын жашоосун обьективдүү жана ачык айкын чагылдырууда.  Ошондой эле, кыргыз элине ак кызмат кылган, мамлекеттин жана маданияттын өсүп өнүгүшүнө салым кошкон, чыгармачыл, кесипкөй адамдардын башын бириктирип, алардын жасаган эмгегин калың элдин арасына жарыялоодо эмгегиңер зор. Алардын бири катары деп бүгүнкү жыл мыктыларын аныктоо концертин уюштуруп жатканыңарды айтууга болот. Сиздердин эмгегиңиздер, турмуштук тажрыйбаңыздар   коомчулукка дайыма жакшы маанайды,  үмүттү тартуулап, мамлекеттин бүтүндүгүнө, элибиздин ынтымак-ырашкердигине   түрткү боло берсин,”- деди Н.Кадыров.

Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө тандалган мыктыларга атайын статуетка жана  дипломдор тапшырылды.  Ага  ылайык, Ош шаарынын тазалыгына күнү-түнү кам көргөн, “Ош Тазалык” ишканасынын кызматкери Төркүнбү Абдираева жылдын мыкты кызматкери, Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов,  Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башчысы  Айгүл Наватова жана “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Талант Капаровдор «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ 2016» наамына татыды.

“Мындан тышкары, КР эл артисти Керим Турапов, эстрада жылдыздары Нурлан Насип, Юлия Руцкая, Самара Каримова жана башкалар, алтын үн, мыкты клип, жылдын ыры, достуктун жарчысы сыяктуу наминацияларга ээ болуп диплом менен сыйланышты. Аны утурлай, коомдук бирикмелер, жеке ишкерлер, соода маркалар, саркеч дүкөндөр тандалып Жылдын мыкты тандоосуна арзыды”, - деп билдирет Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29