KELECHEK
rek

Ош шаарынын мэриясы тарабынан жаңы жылдык балатыга карата кызуу даярдык жүрүп жатат

Ош шаарынын мэриясы тарабынан жаңы жылдык балатыга карата кызуу даярдык жүрүп жатат

Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардыктарга майрамдык иш чараларды өткөрүү  боюнча кызуу даярдык жүрүп жатат. Жаңы жылдык майрам 27-декабрь күнү “ Келечек” чыгармачылык балдар борборундагы мэрдин балатысы менен башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, анда алдынкы окуучулар сыйланып, наристелер үчүн таттуулар таратылып, аяз ата жана аяз кыздын катышуусундагы “Алтын балаты” аттуу жаңы жылдык оюн-зоок, концерттик программа менен коштолот.

Ошондой эле, 27-декабрь шаардагы жалпы жаштар үчүн Ош шаарынын мэринин балатысы уюштурулат. 31-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында шаардыктар жана коноктор үчүн бир катар майрамдык иш чаралар тартууланат.

 Борбордук аянтта саат 14:00дон тарта шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан даярдалган жаңы жылдык бал-маскарат менен башталат. Анда “мыкты” деп тандалып алынган мектептердин окуучулары, 20 жуп аяз ата жана аяз кыз майрамдык шоу тартуулайт. Андан соң,  Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган аркан тартыш, кол күрөш, гир көтөрүү, кап менен секирүү сыяктуу эстафеталар өтөт. Мындан тышкары жомоктордон кыскача үзүндү, тамашоучулардын тамашалары, аяз ата, аяз кыздардын парады, оюн-зоок программалар уюштурулат.

“Ошондой эле, кечкисин борбордук аянттагы жаңы жылдык балаты  Ош шаардык маданият башкармалыгы жана жаштар комитети тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен коштолот”, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18