KELECHEK
rek

ИМ тобуна азгырылган ММУнун студенти төрт жарым жылга кесилди

ИМ тобуна азгырылган ММУнун студенти төрт жарым жылга кесилди

ММУнун мурдагы студенти Варвара Караулова Тажикстандын жасалма паспорту менен Сирияга барып, “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулууга аракет жасаган. Бул тууралуу Москванын аскер соту чыгарган өкүмдө айтылат. Сот Караулованы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулууга аракет жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, төрт жарым жылга түрмөгө кести. Жаза мөөнөтү 2015-жылдын 27-декабрынан тарта эсептеле баштайт.

ММУнун философия факультетинин студенти, 19 жаштагы Варвара Караулова быйыл майдын соңунда бейдарек кетип, июндун башында Түркия-Сирия чек арасынан өтмөкчү болуп жаткан орусиялык 13 адамдан турган топтун курамында кармалган. Октябрга чейин ал бул боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары өтүп келген. Иштин негизги фигуранттары аны азгырууга шектелгендер болгон. Бирок тергөөчүлөр сурактан жана анын үйүн тинтүүдөн кийин кыз "тыюу салынган топтун өкүлдөрү менен байланышын мекенине кайткандан кийин деле үзбөгөнүн" билдирген соң, 28-октябрда камакка алынган.

Москва аскер сотунун өкүмүндө айтылгандай, Караулова азгырыкчылардын таасири алдында башка динди тандаган. Студент ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышуудан баш тарткан эмес, бирок жарадарларга медициналык жардам берип иштегиси келгенин билдирген.

ММУнун студенти акыркы сөзүндө соттон кечирим сурап, үйдөн качып кетүүсү чоң ката болгонун айтты. Анын билдиришинче, ИМ тобунун мүчөсү менен согушкер катары эмес сүйүктүүсү катары кат алышып жүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...