KELECHEK
rek

АКШ Орусияны "чет элдик агент" жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарууга үндөдү

АКШ Орусияны

АКШнын Мамлекеттик департаменти “чет элдик агент” жөнүндө мыйзамды жокко чыгарууга үндөдү. 19-декабрда жарыяланган билдирүүдө Орусия 150 өкмөттүк эмес уюмду “чет элдик агентке” теңеп, аянычтуу чекке жеткени айтылат.

Мамдепартамент “Чет элдик агент” терминин колдонуу – бул уюмдарды чыккынчыларга теңегендик менен барабар деп эсептейт. Тизмеге ВИЧтин жайылуусунуна каршы күрөшкөндөр менен катар келгин куштарды коргогон уюмдар дагы киргизилген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны бул мыйзамды жокко чыгарууга жана эл аралык милдеттемелерин так аткарууга чакырды. “Орусия калкы коммерциялык эмес уюмдардын ишин басмырлабаган, жарандык коомдун ролун сыйлаган күчтүү, демократиялуу өкмөткө татыктуу”, -деп айтылат билдирүүдө.

“Чет элдик агент” жөнүндөгү мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Юстиция министрлиги чет өлкөдөн каржылык колдоо алган жана саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн уюмдарды тизмеге алат.

8-декабрда Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Михаил Федотов президент Путин менен жолугуп, коммерциялык эмес уюмдар жана чет элдик агент жөнүндөгү мыйзамды аткарууда аша чабууларга жол берилип жатканын айткан. Ага жооп иретинде өлкө башчы мыйзамды кайра карап чыгууну, өзгөчө экологиялык уюмдарга көнүл бурууну тапшырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53