KELECHEK
rek

Президент Алмазбек Атамбаев менен Иран Президенти Хасан Роухани басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Президент Алмазбек Атамбаев менен Иран Президенти Хасан Роухани басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Тар жана кеӊири курамда сүйлөшүүлөр соңуна чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен өлкөгө расмий визит менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алынган маалыматка караганда, өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Иран ортосунда тыгыз тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген салттуу достук алака-катыштар бар экенин, алар азыркы кыргыз-иран мамилелери үчүн бекем пайдубал болуп калганын белгиледи. 

Мамлекет башчысы бүгүн кабыл алынган документ – Кыргызстан менен Иран ортосундагы 2016-2026-жылдарга карата узак мөөнөттүү кызматташтык Программасы алдыдагы он жылга карата иш жүзүндөгү кызматташтыктын так контурларын аныктарына токтолду. «Программа биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттерди жаңы деӊгээлге чыгарууга жардам берет деп ишенем. Саясий жактан биздин өлкөлөр ортосунда эч кандай принципиалдуу карама-каршылыктар жок. Эл аралык маанилүү күн тартибинин көп маселелери боюнча биздин позициялар жакын жана окшош», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин айтымында, өлкөлөр арасындагы биринчи кезекте экономикадагы мамилелер комплексин жандандыруу зарылдыгы жөнүндө бирдей пикир – өткөн сүйлөшүүлөрдүн маанилүү жыйынтыгы. Буга байланыштуу Президент Кыргызстандын жана Ирандын жарандары үчүн виза режимин жеӊилдетүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелерине токтолуу менен өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болушу уюмга мүчө мамлекеттердин территорияларына товарларды төлөмсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Кыргызстан ошондой эле Евробиримдик берген преференциялар системасынын катышуучусу да болуп саналат. «Экономиканын ар башка тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү зарыл. Биз товарлар менен кызматтардын өз ара жылышы үчүн логистиканы өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүүгө ниеттенип жатабыз», - деген Алмазбек Атамбаев Бишкек менен Тегеран ортосунда авиакаттамды тез арада ачуу зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысы терроризмге, диний экстремизмге жана жардыргыч иштерге биргелешип каршы туруу келишимине жетишилгендигин белгиледи. «Биз кайсы гана түрдө болбосун  терроризмди чечкиндүү айыптайбыз. Терроризмди же экстремизмди кайсы бир улутка, маданиятка же динге байлоону  жол берилгис деп эсептейбиз. Исламофобияга да жол берилбеш керек», - деди Алмазбек Атамбаев.

Эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыктын маселелерине токтолуп, Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын ШКУда статус алуу ниетине Кыргызстан оң мамиледе экенин белгиледи. «Ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран» темир жолунун курулушуна биздин бирдей кызыкчылык бар. Бул менин Өзбекстанга жана Кытайга алдыдагы визитимдин эң башкы темаларынан болорун кошумчалай кетейин», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Иран Президентинин Кыргызстанга визити эки өлкөнүн карым-катнашында жаңы баракты ачарын белгиледи.

Өз кезегинде Иран Президенти Хасан Роухани жылуу кабыл алганы үчүн кыргыз тарапка ыраазылыгын жолдоду. «Президент Алмазбек Атамбаевдин Иранга былтыркы визити эки өлкө ортосундагы мамилелердин тарыхында бурулуш учур болуп калды. Бүгүн биз өлкөлөр арасында кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыӊдоо үчүн маанилүү кадам жасап жатабыз», - деди Хасан Роухани.

«Кыргызстан жүргүзүп жаткан саясат – бул көз карандысыздыктын саясаты. Бул көз карандысыз саясат өтө маанилүү жана биз Кыргызстандын позициясын сыйлайбыз», - деди Хасан Роухани.

Иран Президенти эки өлкө жарандары үчүн виза режимин толук жоюу зарылдыгын белгиледи. Ошондо ишкерлер арасында алакаларды жана өз ара бизнес мамилелерин жандантууга өбөлгө түзүлөт. Ал мындан тышкары банк жана бажы төлөмдөрү системасында преференцияларды берүү зарылдыгына токтолду. 

«Кытайдан тарта Перс булуӊуна чейинки регион өлкөлөрүн бириктирген темир жолду куруу демилгесин биз да толук колдойбуз. Бул Кыргызстан менен Ирандын гана эмес, региондогу бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына туура келет», - деп белгиледи Хасан Роухани.

Иран Президенти  Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болгон Кыргызстан менен Иран ортосунда эркин соода аймагын түзүүнүн маанисин белгиледи. Буга байланыштуу Хасан Роухани Жогорку евразиялык экономикалык кеӊештин жакынкы жыйынында  жакшы чечимдер кабыл алынарына үмүт артарын айта кетти.

Хасан Роухани эл аралык уюмдар алкагында Иранды колдогондугу үчүн Кыргызстанга ыраазылыгын айтып, изилдөө борборлору арасында, жогорку технологиялар, айыл чарба чөйрөсүндө алака-катыштарды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Иран Президенти жылуу кабыл алганы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын жолдоп жана бардык маселелер боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары жандандырууга үмүт артарын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12