Рахмон: Тажикстан жакынкы үч жылда энергетикалык көз карандысыздыкка жетет
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон парламентке жасаган кайрылуусунда жакынкы үч жыл ичинде өлкө энергетикалык коопсуздукка жетерин билдирди.
Мамлекет башчы өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Рогун ГЭСинин курулушуна жалпысынан 12 миллиард сомони жумшалып, ага быйыл эле 2 миллиард 16 млн сомони бөлүнгөнүн айтты. «2018-жылы гидротүйүндүн биринчи агрегаты пайдаланууга берилип, кийинки жылы энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз», - деди ал.
Ошондой эле Рахмон келерки жылы өлкөдөгү Нурек жана Кайраккум ири ГЭСтерин модернизациялоого бюджетте 3 млрд 650 млн сомони каралганын белгиледи.
Жыл сайын кышында Тажикстан 2,5 млрд киловатт саат электр энергиясына муктаж болуп, октябрдан майга чейин өлкөнүн бардык аймактарына чектөөлөр киргизилет. Бул көйгөй өзгөчө алыскы тоолуу райондордо курч, анда жашоочуларга бир канча күн электр жарыгы берилбей калган учурлар болот.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38