Түркмөнстанда азык-түлүк үчүн дүкөндө кезекке турган кызматкерлер иштен кетет
Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелер өз кызматкерлерине кайрылып, тартыш болгон товарлар үчүн дүкөндөргө кезекке турбоого чакырды. Акыркы айларда өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке дүкөндөрдө азык-түлүк жана чылым тартыш. Буга байланыштуу адамдар болуп көрбөгөндөй кезекке турушууда. Мекеме жетекчиликтери кезекке турган кызматкерлер жумуштан кетерин эскертти.
Бийликтин мындай көрсөтмөсү айрым азык-түлүк товарлары жана чылым кескин кымбаттаган маалга туш келди. Бир нече айдан бери дүкөндөрдө шекер, ун, май, чылым үчүн кишилер узун кезекке турушууда. Айрым учурда жаңжалдар пайда болуп, полиция кийлигишкен учурлар дагы катталууда.
Түркмөнстандын түндүгүндө тартыш товарларды сатып алуу үчүн тургундар бир ай мурун кезекке турууда. Бул көрүнүштөрдү сүрөткө жана тасмага тушүрүп алууга аракет жасагандардын телефондорун полиция кызматкерлери алып коюшууда.
Өз кезегинде Түркмөнстан бийлиги өлкөдөгү азык-түлүк жетишсиздиги боюнча сөз козгогон жок. Расмий чаралар катары “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле өлкө президенти майрам күндөрдө тамак-аш азыктарын мол камсыз кылуу боюнча бир нече жолу оозеки көрсөтмө берген
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13