KELECHEK
rek

Өзбекстан менен Украина ырааттуу аба каттамдарын жандандырууга ниеттенүүдө

Өзбекстан менен Украина ырааттуу аба каттамдарын жандандырууга ниеттенүүдө

Өзбекстан менен Украинанын авиациялык бийлиги Ташкент-Киев-Ташкент каттамдарын жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу «Интерфакс-Украинага» Өзбекстандын Украинадагы элчилиги кабарлады.

Өзбекстандын Украиандагы элчиси Алишер Абдуалиевдин белгилешинче, Ташкент-Киев-Ташкент каттамы боюнча учактар 2015-жылы майда акыркы жолу учкан.

«Ошондон бери ырааттуу каттамдар боло элек. Бул болсо товар жүгүртүүгө жана эл аралык турзимди өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратты. Аба каттамдардын жоктугу эки өлкөнүн тең кирешелерине терс таасирин тийгизүүдө. Анын үстүнө бул учурдан үчүнчү өлкөлөрдүн авиакомпаниялары пайдаланып жатат», –деди Өзбекстандын элчиси.

Азырынча кандайдыр бир жыйынтыктар жөнүндө сөз кылуу эрте. Бирок карапайым жарандардын жана ишкер чөйрөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен ыңгайлуу вариантты иштеп чыгуу жагы каралууда.

2013-жылы Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясы Ташкент-Киев-Ташкент каттамдарын токтотууну пландаган. Буга “Украинанын эл аралык линиялары” өзбек өнөктөштөрүнө басым жасап, “Ташкент” эл аралык аэропортуна белгилүү күндөрдө жана убакытта конууга уруксат алууга аракет жасаганы себеп болгон. Бирок Украина бул маалыматты четке кагып, кызматташууга даяр экенин билдирди

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38