Казакстанда быйыл сөз эркиндигине каршы куугунтуктоолор күчөдү
Казакстанда сөз эркиндигине байланыштуу куугунтуктоолор күчөп бара жатат. Бул туурасында “Адил сөз” уюму билдирди.
Укук коргоо уюмунун отчетуна ылайык, Казакстанда 2016-жылдын 11 айында өз пикирин эркин билдиргендерге карата 87 жолу куугунтуктоо фактысы катталып, кылмыш иши козголгон. Бул көрсөткүч өткөн жылы 77 болсо, 2014-жылы 33тү түзгөн.
Уюмдун төрайымы Тамара Калееванын айтымында, быйыл журналисттердин мыйзамдуу профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан 90 учур катталган. Алардын ичинен жарымынан көбү жазында жер реформаларына каршы өткөн митингдерди чагылдыруу учурунда болгон.
Интернет-басылмаларга чектөө коюу же аларды жабуу боюнча 30дан ашуун факт тиркелген.
Жалаа жабуу боюнча 49 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен төртөөнө соттун өкүмү чыкты. Жалган маалымат таркатуу боюнча 12 иш ачылып, экөө боюнча айыптоочу өкүм окулду. Кастыкты козутуу боюнча дагы 12 кылмыш иши козголуп, алардын ичинен төрт учур боюнча күнөөлөнгөндөр соттолду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









