Атамбаев өлкөдө бизнес Европа өлкөлөрүндөгүдөй корголсо деп кыялданат
Президент Алмазбек Атамбаев 21-декабрда Делиде кыргыз-индия бизнес форумунда Кыргызстанда ишкерлер туш болуп жаткан кыйынчылыктарды жакшы билерин айтты.
Мамлекет башчы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум маселесине да кайрылды:
- Чет жердик жана атамекендик басма сөздө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду президенттин ыйгарым укуктарын узартуу үчүн өткөрүп жатат деп жазышты. Эгер мен ошону кааласам, анда Кыргызстанда президент сан жеткис шайлангыдай кылууга жетишмекмин. Гэллап институтунун маалыматы боюнча, президентти калктын 80 пайызы колдойт. Бирок ага карабастан, мен Кыргызстанда жана Борбор Азияда президенттин ыйгарым укуктарын тынч жол менен өткөрүп берүү мисалын жараткым келди.
Мамлекет башчы Кыргызстанда бизнес бийликте ким турбасын, анын көзүн кароого тийиш эмес деп кошумчалады. Ошондой эле укук коргоо органдарынын реформасы тууралуу сөз кылып, ишкерлерди бир гана салык кызматы текшере турганын белгиледи. Президент Кыргызстанда бизнес Европа өлкөлөрүндөгүдөй корголсо деп кыялданарын билдирди. Ал индиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып, Тышкы иштер министрлиги менен президенттик аппаратка Индия жарандарынын виза алуу жол-жоболорун жеӊилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Атамбаев Индияга үч күндүк мамлекеттик сапар менен 18-декабрда барган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38