KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын мэри: «Тротуарларды кароо-тазалоо – жалпы шаардыктардын иши»

Жалал-Абад шаарынын мэри: «Тротуарларды кароо-тазалоо – жалпы шаардыктардын иши»

Шаардагы тротуарларды кардан тазалоо - бир гана шаардын коммуналдык кызматтарынын иши эмес, ал жалпы шаардыктардын да иши. Ар бир шаардык тургуну шаардын таза, иреттүү болушуна салымын кошуусу керек. Мындай пикирди Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Шаар мэринин айтымында, шаар боюнча атайын “Абаттоо эрежелери” иштелип чыккан жана кабыл алынган. Эрежелер боюнча мекеме-ишканалардын, жеке менчик үйлөрдүн алдындагы аянттардын тазалыгын, иреттүүлүгүн камсыз кылуу милдети ошол мекеме-ишканага же үй ээлерине берилген. Ал эми коомдук жайлар, эл көп топтолуучу аянттар, борбордук көчөлөр коммуналдык кызматтарга тапшырылган.

- Атайын коммуналдык мекеменин 15 кызматкери шаардагы бардык тротуарларды кардан тазалап чыга албайт. Иш жүзүндө бул мүмкүн эмес нерсе. Абаттоо эрежелерине ылайык, буга ар бир шаардык тургун аракет кылышы зарыл. Бизде болсо, өзүнүн милдети, аракети тууралуу ойлонуунун ордуна нааразылык айтып, бирөөгө күнөө койгонду көбүрөөк билишет, - дейт шаар мэри.

Шаардык тийиштүү кызматтардын берген маалыматына караганда, шаарда 217 чакырым жолдор бар, ал эми тротуарлардын жалпы узундугу 100 чакырымга жакын.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18