Берлинде жүк ташуучу унаа базардагы адамдарды тепселеп, 12 киши мерт кетти
19-декабрь күнү кечинде Рождество базарына чогулган адамдарды жүк ташуучу унаа тепсеп кетип, 12 киши каза болду, ондогон адам жаракат алды. Полиция окуяны теракт болушу мүмкүн деп иликтөөдө.
Бийлик айдоочу унааны базардагы адамдарды көздөй атайылап эле айдаган деп эсептөөдө. Жүк ташуучу унаа дээрлик 80 метр жүрүп барып адамдарды тепселеп кеткен. Полиция билдиргендей, унааны башкарып бараткан адам кармалды.
DPA маалымат агенттиги кармалган адам Германияга Ооганстандан же Пакистандан качкын катары келгендигин билдирүүдө.
Жүк унаасынын кабинасында дагы бир адам болгон, ал окуя болгон маалда же ага чейин өлтүрүлгөн деп болжолдонууда. Полициянын маалыматы боюнча ал адам поляк тектүү болгон. Варшавадагы TVN 24 телекомпаниясы унаа польшалык транспорт компаниясына тиешелүү экенин билдирди. Компания ээси Ариэль Журавскийдин айтымында, жүк унаасынын айдоочусу Берлинден болот конструкцияларын ташып иштечү. Учурда ал телефондук чалууларга жооп бербей жатат. Полиция жүк ташуучу унаа уурдалган болушу мүмкүн деп болжолдоодо.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56