Беларуссияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Казыбек уулу Ирлан алтын медаль менен кайтты
Беларуссиянын Минск шаарында алыш күрөшү боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионатта Казыбек уулу Ирлан алтын медаль алып, Жалал-Абадга жеңиш менен кайтты.
Дүйнөлүк чемпион болуп кайткан Ирландын айтымында, 17 мамлекеттен балбандар катышкан мелдешке Кыргызстандан 3 кыз, 3 эркек балбан катышып, экөө алтын медаль алган. Учурда Ирлан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин физкультура бөлүмүндө 3-курста билим алат. Жалал-Абад шаарындагы И.Раззаков атындагы адистештирилген балдар жана жаш жеткинчектер олимпиадалык спорт мектебинде 3 жылдан бери алыш күрөшү менен машыгып келет.
«Машыгуу катуу болду. Чемпионатка жеңем деген ой менен баргам. 70 кг салмакта биринчи украиналык, андан кийин беларуссиялык балбан менен күрөштүм. Финалдык беттешке дагы украиналык балбан чыкты. Ийгиликтүү күрөшүп, өлкөнүн намысын коргоп келдим», - дейт Ирлан.
Аталган спорт мектептин директору, Ирландын машыктыруучусу Чыңгыз Акановдун айттымында, үч жылдык машыгуу өз жемишин берип, дүйнөлүк чемпионатта ал өлкө намысын коргоп, жакшы ийгилик менен кайтты. “Ирланга өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жаңы жылга карата өзүнүн резервдик фондунан 30 миң сом бөлүп бере турган болсо, Ноокендин акими жер тилке берүүнү убада кылды”, - дейт Ч.Аканов.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23
Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...
Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...
СПОРТ 2016-05-14 09:30