KELECHEK
rek

Тажикстанда бир жылда 20 имам-хатиб камалды

Тажикстанда бир жылда 20 имам-хатиб камалды

Согди облусундагы мечит имамдарын кармоо иштери ушул жылдын жазында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмуна тиешеси бар 20 чакты дин кызматкери соттун чечими менен камалды.

Анткен менен кармалгандардын адвокаттары имамдар болгону башкаларды исламга үндөп, тынчтык чакырыктар аркылуу өлкөдөгү динге ишенгендердин санын көбөйтүүнү каалагандыктарын билдиришүүдө.

Дин ишмерлери өлкө аймагында 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмуна мүчө болгон деген айып менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Бийлик имам-хатибдердин кармалышын Тажикстандын мамлекеттик түзүлүшүнө коркунуч жараткан экстремисттик топторго, анын ичинде «Мусулман агайындар» уюмуна тиешеси бар дин кызматкерлеринин катарын тазалоо менен түшүндүрүүдө. Бийлик ханафи мазхабынын эрежелерин өзгөрткүсү келген диний лидерлер тажик коомунда болбошу керектигин белгиледи.

Укук коргоочулар имам-хатибдерге тагылган айыптоолор далилденбегенин билдиришүүдө. Сот жообуна тартылып жаткандар болгону «Мусулман агайындар» уюмуна мүчө экендиктерин гана моюндарына алышкан. Айтымдарында, алар акыркы күндөргө чейин өз дини жана ханафит мазхабын жактап келишкен.

Тажикстанда «Мусулман агайындар» тобунун ишмердүүлүгүнө 2006-жылы тыюу салынган, бирок быйылкыга чейин аталган уюмга мүчө болгон деген айып менен камалгандар тууралуу билдирүүлөр өтө сейрек болуп келген. «Мусулман агайындар» - 1928-жылы Египетте негизделген эл аралык диний-саясий уюм. Ал көптөгөн өлкөлөрдө террористтик уюм деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20