Индия Тажикстанда үч ГЭС курат
Индия менен Тажикстан сооданы өнүктүрүү үчүн жүктөрдү Ирандын түштүк-батышында жайгашкан Чабахар порту аркылуу алып өтүүгө макулдашты. Ал ортодо индиялык компания Тажикстанда Оби Хингоб жана Фондарё дарыяларында үч ГЭС курмай болду.
Бул келишимдерге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Индияга мамлекеттик сапары менен барган учурда жетишилди.
Тажик президенти Нью-Делиде 16-18-декабрь аралыгында болду.
Сооданы өнүктүрүү жана жүктөрдү Чабахар посту аркылуу алып өтүү боюнча келишимге кол коюлганын Индиянын премьер-министри Нарендра Моди маалымдады. Бул порт аркылуу Индия Ооганстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнө чыга алат.
Мамлекеттик сапар алкагында Эмомали Рахмон индиялык Khoday Group of Industries компаниясы менен үч ГЭС курууга макулдашты. Объектилердин жалпы кубаттуулугу 1055 МВтты түзөт.
Маалыматтарга карганда, Индия акыркы он жылдан бери Тажикстанда ГЭС курууга ниеттенүүдө. Гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу инвестициянын тартыштыгына байланыштуу кечеңдеп келген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38









