KELECHEK
rek

Путин: Москва элчи Карловду өлтүрүүнүн артында кимдин турарын билиши керек

Путин: Москва элчи Карловду өлтүрүүнүн артында кимдин турарын билиши керек

Москва Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду өлтүрүүнүн артында кимдин турарын билиши керек, деди орус президенти Владимир Путин.

Ал окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө иштерине катышуу үчүн Анкарага орусиялык өкүлдөр жөнөтүлөрүн билдирди.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Орусия президенти атайын кеңешмеде элчи Карловдун өлтүрүлүшүн Сириядагы абалды жөнгө салуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратууга багытталган чагым деп атады.

Буга чейин ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова Москва элчинин өлтүрүлүшүн теракт деп эсептей турганын билдирген. Түрк бийлиги элчиге карата ок чыгарган адамдын мурда полицияда иштегенин ырастады. Окуядан кийин ал атылып өлтүрүлгөн.

Анкарадагы кол салуудан жаракат алган Андрей Карлов оор абалында ооруканага жеткирилип, көп өтпөй каза болгон. Окуя ал Заманбап искусство галереясындагы «Орусия түрктөрдүн көзү менен» аттуу көргөзмөдө сүйлөп жаткан маалда болгон.

Кол салууда андан башка дагы үч адам жеңил жаракаттарды алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...