Жалал-Абад казыяты 1-орунду жеңип алды
Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу түштүк аймагындагы облустук жана шаардык казыяттар, шаардык жана райондук хатибияттардын иш аракеттери боюнча жыл жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасы болду.
Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз каары облус аймагында жыл ичинде аткарылган негизги иш-чаралар, мечиттердин каттоосу, дин кызматкерлеринин аттестациясы жана билимин жогорулатуусу, Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруусу жана аймактардагы саясий кырдаал жөнүндө кыскача маалымат берди.
Казыяттардын аткарган иштери жана өз аймагындагы структуралары менен мобилдүү иш алып баруу өзгөчөлүгүнүн негизинде жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы менен 1-орунду алгандыгы үчүн Жалал-Абад казыяты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын «Ардак грамотасы» жана 5 миң сом акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
Эске салсак, 2014-жылдан бери Жалал-Абад казыяты 1-орунду багындырып келе жатат.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун аймагында райондук хатибияттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын “Ардак грамотасы” жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты:
1-орун Базар-Коргон райондук хатибияты - жетекчиси: Шаиков Т. ажы
2-орун Аксы райондук хатибияты - жетекчиси: Абдыкалыков М. Ажы
3-орун Ала-Бука райондук хатибияты - жетекчиси: Чыналиев Ш. Ажы.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан кеңселик иш тартибин жакшыртуу максатында Жалал-Абад казыятына 1 түстүү принтер, ал эми райондук жана шаардык хатибияттарга үч функциялуу принтер жана компьютерлер тапшырылды.
Жалал-Абад казыятынын басма сөз бөлүмү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13