Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустарды коюу боюнча текшерүү жүрүп жатат
Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын камсыз кылынышы жана коомдук жайларда аларга түзүлгөн шарттардын абалы боюнча Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бийликтер тарабынан текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.
Анын айтымында, "Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамды Жалал-Абад шаарынын аймагында толук кандуу турмушка ашыруу максатында шаардагы мекеме-ишканаларда 15-декабрдан тарта менчигинин түрүнө карабастан алардагы түзүлгөн шарттар менен танышуу иши жүрүп жатат.
- Рейдде эң эле негизи маселе катары имараттардын кире беришиндеги пандустардын бар-жоктугу, эгер болсо алардын талапка ылайыктуулугу атайын адистердин катышуусунда каралууда. Анын негизинде биз мекеме-ишканалардын жетекчилигине бул маселелер боюнча тийиштүү эскертүүлөрдү беребиз, - дейт ал.
Жергиликтүү экотехинспекциясынын улук лейтенанты Азиз Алиевдин айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мекеме-ишканаларда толук шарттар каралган эмес. Экотехинспекция тарабынан бул маселелер боюнча эскертүүлөр буга чейин эле аларга берилип келген.
- Көбүнесе эскилиги жеткен имараттарда пандустардын жоктугу, эгер болсо стандартка жооп бербестиги байкалат. Бирок, биздин эхотехинспекция тарабынан жаңыдан салынып жаткан социалдык имараттарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн зарыл, ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча алдын ала эскертүүлөрдү берип жатабыз, - дейт ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13