ФСБ: Тажикстан жана Молдова жарандары Москвада теракт жасоого камданышкан
Орусиянын атайын кызматы Москвада теракт жасоону көздөгөн террордук уюмдун төрт өкүлүн кармады. Алардын ичинен үчөө – Тажикстан жараны. ФСБнын ыкчам кызматкерлери кылмышкерлерди Тажикстандын укук коргоо органдарынын жардамы менен колго түшүрүшкөнүн ырасташты.
«Интерфакс» Орусиянын ФСБсына шилтеме берип кабарлагандай, диверсиялык-террордук топ Тажикстан жана Молдованын жарандарынан куралган. Алар колго жасалган чоң кубаттуулуктагы жардыргыч заттын жардамы менен Москвада теракт жасоону пландашкан. Жардыруу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Түркиядагы эмиссарынын түздөн-түз көрсөтмөсү менен уюштурулмак. Эмиссар Тажикстандын ИИМи тарабынан эл аралык издөөгө алдынды.
Атайын операция учурунда алар турган батирден Калашников автоматтары, ок-дарылар жана колго жасалган жардыруучу заттар табылган.
Бир ай мурда ФСБ атайын операциянын алкагында Москва жана Санкт-Петербургда 10 террорчуну кармаган. Алардын жанында төрт колго жасалган ири кубаттуу жардыргыч зат, курал-жарак, ок-дары жана байланыш каражаттары болгон.
Кармалгандардын бири Орусияда теракт жасоого камданышканын моюнуна алган. Алар Санкт-Петербургдагы эки соода борборунда жардыруу уюштурууну көздөшкөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05