KELECHEK
rek

Казакстан Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгиледи

Казакстан Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгиледи

Казакстан кечээ, 16-декабрда Эгемендүүлүк майрамын белгиледи. Туура 25 жыл мурун Казакстандын суверенитеттүүлүгү жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Бул өлкөдөгү башкы майрам болуп саналат.

Көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларда президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтерин белгилеп, бул жылдар аралыгында калктын байгерчилик дэңгээлин жогорулатуу мүмкүн болгонун билдирди. Мындан тышкары Назарбаев өкмөткө 2017-жылы 1-июлдан тарта пенсиянын жана баланын төрөлүшүнө байланыштуу бериле турган бир жолку жөлөк пулдун көлөмүн 20 пайызга көбөйтүүнү тапшырды.

Бүгүн Нурсултан Назарбаев Казакстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган монументти ачты. Салтанат ЭКСПО көргөзмөсүнүн аймагында өттү. Өз сөзүндө Назарбаев монумент келечек муундарга жана алдыда боло турган ЭКСПОнун конокторуна арналганын билдирди.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдык монументин 3,5 ай ичинде курушту. Ал каррара мраморунан жасалган. Монумент катуу шамаалга туруктуу уникалдуу конструкцияга ээ.

Казакстандыктар кечээ дагы эки датаны эскеришти. Бири – Алматыдагы студенттердин жана жумушчу жаштардын толкундоолору болгон 1986-жылдагы Декабрь окуялары. Экинчиси – Жаңы-Өзөн окуясынын беш жылдыгы. Анда полиция иш таштаган мунайчыларга каршы ок чыгарган. Расмий маалыматтар боюнча Жаңы-Өзөн окуясы маалында 16 адам өлгөн жана жүздөн ашууну жаракат алышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13