KELECHEK
rek

Таш-Көмүрдө көмүр казгандардын төртүнчүсү тирүү табылды

Таш-Көмүрдө көмүр казгандардын төртүнчүсү тирүү табылды

Таш-Көмүрдө көмүр казгандардын төртүнчүсү кечээ, 16-декабрь күнү саат 23:10до тирүү табылды.  Учурда жергиликтүү ооруканага жеткирилгенин, бул боюнча КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Абдишарип Бекилов билдирди.

Эскерте кетсек, 16-декабрда саат 12:05 чамасында Таш-Көмүр шаарынын УМС участкасындагы Северный шахтасынын жанында мыйзамсыз түрдө көмүр казып жаткан 4 адамды шахта басып калган. Издөө иштеринин натыйжасында 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын тургуну Ч.Б. жана Аксы районун Райкомол айылынын тургуну У.Н. аттуу жарандардын жансыз денелери чыгарылып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын сөөктөрдү кармоочу жайына жеткирилген. Ал эми 1978-жылы туулган К. Д. аттуу жаран Таш-Көмүр шаардык ооруканага жеткизилип, дагы төртүнчүсүн издөө иштери аткарылып жаткан. Натыйжада 1987-жылы туулган Б.Д. 11 сааттан ашык казуу иштеринин натыйжасында табылып, учурда ооруканага жеткирилген.

Шахтадан адамдарды чыгарууга КР ӨКМнин 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын, Таш-Көмүр шаарындагы тоо-кен куткаруу взводунун 7 куткаруучусу жана Таш-Көмүр шаарындагы экинчи өзүнчө издөө куткаруу отрядынын 21 куткаруучусу иш алып барышкан.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...