KELECHEK
rek

Тажикстанда Эмомали Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн акча чыгарылат

Тажикстанда Эмомали Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн акча чыгарылат

Улуттук банктын жетекчилиги Исфара шаарынын жашоочуларынын сунушун кабыл алып, Эмомали Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн 1000 сомони номиналындагы акча чыгармай болду.  Президенттин бейнесин сомониге түшүрүү идеасы орто мектеп мугалими Хасанбой Асадовго таандык.

Асадов бир жыл мурун бул сунушун жаңы купюранын эскизи менен бирге Улуттук банкка жана президенттин администрациясына жөнөткөнүн билдирди. Ага ылайык, акчанын бир бетинде Эмомали Рахмондун сүрөтү, бир бетинде Тажикстан Жогорку Кеңешинин “тарыхый” 16 сессиясы өткөн Арбоб Сарайы түшүрүлөт. Бул сессияда Эмомали Рахмон президент болуп шайланган.

Буга чейин Улуттук банк жана президенттин администрациясы Асадовдун сунушуна ыраазычылык билдирген. Мугалим Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн урматына 500 сомони номиналындагы алтындан чегилген тыйынды чыгарууну дагы демилгелеген. Бирок ал колдоо табабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Эмомали Рахмон быйыл октябрда конституциялык мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп табылган. Улут лидерине бардык жабдуулар менен камтылган атайын жай бөлүнүп берилип, өзүнүн фонду болот.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38