Ошто 9 аянттан турган заманбап парк курулат
Ош шаарынын Бабур атындагы мамлекеттик театрында, 14-декабрь күнү калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо боюнча каражат топтоо акциясы болуп өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, эл аралык уюмдардын, казыяттын өкүлдөрү, бардык мекеме ишканалардын жетекечилери жана шаар тургундары катышты.Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, шаар мэри аталган парк, Ошто тарыхта калган парк экенин белгилеп, аны заманбап эс алуу жайына айлантып, ар бир жарандын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн комплекстүү түрдө реконструкция жасоо керек экенин билдирди.
- Т.Сатылганов атындагы парк 1919-жылы негизделген. Парктын аймагы 9 гектар жерди ээлейт. Буюрса 2019-жылы 100 жашка толот. Учурда парк камкордукка алынбай, бактары карып, тротуар, иригациялык системалары бузулган, жарыктык жок, эс алууга ыңгайсыз болуп кароосуз калганы баарыңыздарга белгилүү. Ошондуктан шаарыбыздагы эң чоң паркты заманбап эс алуу багына айлантып, “Элдик парк” деген наамга татыктуу болушу үчүн толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрөбүз. Ал үчүн көп каражат сарпталат.
Ошондон улам паркты реконструкциялоо демилгесин көтөрүп, акцияны уюштуруп жаткандарга ыраазычылык билдирем. Шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешип паркты реконструкциядан өткөрүү үчүн 2017-жылы жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом бөлүп берүүнү пландап жатабыз. Шаарыбыздын мекенчил инсаны катары бүгүнкү марафонго өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан бир айлык маянамды кошом. Мындан сырткары, шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын кошсо, вице-мэрлер, аппарат жетекчиси жана айрым бөлүм башчылар да үй-бүлөсү менен марафонго активдүү катышышты,-деди А.Кадырбаев.
Ошондой эле, марафондун жүрүшүндө, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов баштаган аппараттын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, казыяттын өкүлдөрү, шаар тургундары өз салымдарын кошушту.
Т.Сатылганов атындагы парк 9 аянттан туруп, карылар, балдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап түрдө бүткөрүлөт.
"Эске салсак, буга чейин шаардагы 6 эс алуучу жай (“Космонавттар”, “Жеңиш”,”Ата-Түрк”, “Балдар сквери”, “Шаардык сквер”, “Семетей”) толугу менен оңдоп түзөөдөн өтүп, шаардыктарга пайдаланууга берилген. Учурда И.Раззаков атындагы эс алуу жайы реконструкцияланып бүтүүнүн алдында турат, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38









