KELECHEK
rek

Назарбаев Конституция өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты

Назарбаев Конституция өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламент жана өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында баш мыйзам өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди. Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата ал Астанадагы жыйында сөз сүйлөп жатып, президент, өкмөт жана парламенттин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жөнүндө кеп козгоду.

Назарбаевдин айтымында, Казакстан президенттик башкаруудагы өлкө жана ошол бойдон кала берет. Бирок учурдун талабына жараша парламент менен өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылдыгы келип чыкты.

«Атайын комиссия бул маселени иликтеп, керектүү мыйзамдарды, зарыл болсо Конституцияны өзгөртүү боюнча пикирлерин билдириши керек», -деди Нурсултан Назарбаев.

Казакстан супер президенттик өлкө болуп эсептелет. Президент өтө кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Ал өкмөт башчыны жана министрлерди сенаттын 15 депутатын, Казакстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын, сенаттын макулдугу менен БШК төрагасын, Улуттук банктын төрагасын, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысын жана башкы прокурорду дайындайт.

Ал өкмөттүн түзүмүн аныктап, борбордук аткаруу органдарын түзүп, кайра уюштуруп же жоет. Президент парламенттик шайлоолорду аныктап, референдум өткөрүү боюнча чечим кабыл алат. Президент Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы болуп саналат. Конституция боюнча Назарбаев президенттикке талапкерлигин каалашынча кое алат. Ал “улут лидери” макамына ээ. Ага ылайык, президенттиктен кеткенден кийин дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53