Жалал-Абадда курулуш тармагындагы капиталдык салымдардын көлөмү 450,9 миллион сомго жетти
Жалал-Абад шаарынын курулуш тармагына киргизилген капиталдык салымдардын көлөмү өткөн жылдын он бир айына караганда 139,2 пайызга өскөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.
Мэриянын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровдун айтымында, акыркы эки жылда шаарда курулуш иштеринин көлөмү өсүп, ага болгон капиталдык салымдардын көлөмү да өсүп жатат.
-Быйылкы жылдын он бир айында эле шаардагы курулуш тармагындагы капиталдык салымдардын көлөмү 450,9 миллион сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 127 миллион сомго көп болгонун билдирет. Демек, өткөн жылы он бир айда капиталдык салымдар 323,9 миллион сом болгон, - дейт ал.
Алынган маалыматтарга караганда, капиталдык салымдардын тутумунда жеригиликтүү бюджеттен да, жеке менчик тарабынан киргизилген капиталдык салымдар да өскөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38









