Кабулда хазарлардын нааразылык акциясы өтүүдө
Ооганстандагы хазар этникалык азчылыгынын миңдеген өкүлдөрү бүгүн Кабулда нааразылык акциясына чыгышты. Алар бир нече миллиондогон доллар турган энергетикалык долбоордун курулушуна нааразы.
Хазарлардын лидерлери Түркмөнстан менен Кабулду байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр зымдары хазарлардын басымдуу бөлүгү байырлаган Бамиан провинциясы аркылуу өтүшүн талап кылышууда.
Алгач бул жогорку чыңалуудагы электр зымдары Бамиан провинциясы аркылуу өтөрү мерчемделген. Кийин өкмөт анын маршруттун өзгөртүп, Кабулга жакын Саланг бели аркылуу өтчүдөй кылып алмаштырган. Бийлик муну менен миллиондогон долларлар үнөмдөлөрүн билдирген.
Ондогон ооган провинцияларын электр энергиясы менен камсыздай турган бул долбоор ТУТАП энергетикалык долбоорунун бир бөлүгү. ТУТАП- Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларынын кайсы бир бөлүктөрүн байланыштыра турган ири долбоор.
Исламдын шийи багытын карманган хазарлар 30 миллиондой ооган калкынынын 10 пайызын түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52