Шавкат Мирзиёев ант берип, кызматка киришти
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ант берүү аземи кечээ Ташкентте Мыйзам чыгаруу палатасы менен Олий Межлистин (парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталары) биргелешкен жыйыны маалында өттү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.
Ант берүү аземине Борбордук шайлоо комиссиясы менен өкмөттүн мүчөлөрү, Конституциялык соттун судьялары, дипломатиялык мекемелердин башчылары жана Ташкентте аккредитациядан өткөн ММК өкүлдөрү катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо өлкө президенти болуп шайланган Шавкат Мирзиёевди куттуктап, ага Өзбекстан Республикасынын президентинин күбөлүгүн тапшырды.
Андан соң жаңы шайланган мамлекет башчы колун Конституция менен Куранга коюп ант берди: "Өзбекстан элине ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга, Конституция менен өлкө мыйзамдарын так сактоого, жарандардын укуктары менен эркиндигин кепилдөөгө жана Өзбекстан Республикасынын президентине жүктөлгөн милдеттерди чын дилден аткарууга салтанаттуу түрдө ант берем".
4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынан талапкер болгон Шавкат Мирзиёевге шайлоочулардын 88,61 пайызы добуш берген. Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов 79 жаш курагында көз жумгандан кийин жаралган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









