Кытай инвесторлору Жалал-Абадда нефть өндүрүүгө кызыктдар
Бүгүн, 14-декабрь күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Ляонин провинциясына караштуу Танжинь шаарынын вице-мэри Ху-Дэсян баштаган нефть өндүрүү тармагына адистешкен ишкерлердин тобун кабыл алды.
Жолугушууда Ху-Дэсян мырза Танжинь шаары нефть өндүрүүчүлөрдүн шаары экендиги тууралуу кеңири маалымат берип, Кыргызстандын түштүгүндө да нефть запастары арбын болгондуктан, аймакта биргелешип иштөө керектигин сунуштады.
Жолугушуунун соңунда өкүл К. Сатыбалдиев журналисттерге маалымат берип, Кытайдын Танжинь шаарынан келген мамлекеттик өкүлдөр облустун аймагында жылына 500 миң тонна нефть өндүрүп, солярка, бензин жана башка нефть продукцияларын чыгара алышарын белгиледи. Эгер долбоор ишке ашса Кытайлык инвесторлор бул ишке 300 миллион долларлык инвестиция салышат.
Тараптардын билдиришинче, салык төлөмдөрүнүн көлөмү азыркыга караганда 10 эсеге жолгорулап, облустун бюджетин толуктайт. «КПК», «Кыргызнефтегаз» ААКнын жабдуулары жаңыланып, нефтепродукталарды өндүрүүнүн сапаты артат. Ошону менен бирге 200 миллион долларлык долбоор менен технопарк куруп, жалпы 3 миңдей жумуш ордун камсыздоо пландары да бар экен.
Тактай кетсек, бул долбоорлор Кыргыз Өкмөтүнө мурдараак эле маалым болгон.
Уланбек Парманов, журналист.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









