Быйыл түрмөгө камалган журналисттер рекорддук чекке жетти
Быйыл түрмөгө камалган журналисттердин саны рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитетинин иликтөөсүндө айтылат. Эң эле көп камоолор Түркияда болду.
Маалыматтарга карганда, 2016-жылдын 1-декабрына карата журналист-туткундардын саны 259 адамды түздү. Түркияда 81 кабарчы темир торго алынды. Алардын баары мамлекетке каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн деп айыпталышкан.
2014-2015-жылдары журналисттерди абакта кармоо боюнча алдыга озуп чыккан Кытай бул сапар экинчи орунда. 38 кабарчы камакка алынган. Андан кийинки тизмелерде Египет, Эритрея жана Эфиопия жайгашты. Дүйнө жүзү боюнча камалган журналисттердин үчтөн эки бөлүгү дал ушул беш өлкөгө туура келет.
«Маалымат чогулткан жана аларды таркаткан журналисттер коомдук кызматты аткарып келет. Алардын укуктары эл аралык мыйзамдар менен корголгон. Буга байланыштуу ушунча көп өкмөттөр эл аралык милдеттемелерин бузуп, журналисттерди камап жатканына биз айраң таң калдык», - деди комитеттин аткаруучу директору Джоэл Саймон.
Америка өлкөлөрүндө 2015-жылы түрмөлөрдө журналисттер такыр болгон эмес. Бул сапар төрт кабарчы камалган.
Журналисттерди коргоо комитети – көз карандысыз коммерициялык эмес уюм, ал дүйнөдөгү басма сөз эркиндигин коргойт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04