Кыргызстандын жарандары “Арзан турак жай – 2015-2020” программасынын катышуучусу боло алышат
Жалал-Абад шаарында КР Өкмөтүнүн “Арзан турак жай – 2015-2020” программасынын алкагында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (МИК) тарабынан бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине өнөктөш банктар аркылуу берилип жаткан ипотеканын шарртарын түшүндүргөн жыйын болуп өттү.
Ал жыйынга МИКтин түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Эгемназаров, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактибек Анаркулов, бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери, өнөктөш банктардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. А.Эгемназаровдун сөзүнө караганда, МИК 2015-жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жатат.
- Программанын максаты - Кыргызстандын калкынын турак-жайга муктаж катмарын турак-жай менен камсыз кылуу ишин жүзөгө ашыруу болуп саналат. Ошону менен бирге, МИК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде ипотекалык насыя алуу процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты калктын калың катмарына жеткирүү зарылдыгы болуп жатат. МИКтин негизги каржылоо булактары 310 млн. сомду түзөт. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду жалгыз акционер болуп эсептелет, - дейт А.Эгемназаров.
Эгемназаровдун берген маалыматына караганда, ипотекалык насыя алган учурда курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда 65 жашка чейинки КР жарандары “Арзан турак жай – 2015-2020” программасынын катышуучусу боло алышат.
Турак жайды сатып алуу же куруу үчүн программанын катышуучуларына жалпы коюлуучу талаптар:
- жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес, же ушул уюмда иш стажы 1 жылдан кем эмес болушу;
- катышуучуда, катышуучунун жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик турак-жайынын жана жарандык-укуктук бүтүмдөрүнүн жоктугу;
- катышуучунун төлөөгө жөндөмдүү болуусу керек.
“Бекитилген шарттарга ылайык, ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 3 млн. сом, төлөө мөөнөтү 15 жылга чейин, пайыздык чендери алгачкы төлөмгө байланыштуу жылдык 10-12 пайыз. Минималдуу алгачкы төлөм алынуучу турак-жайдын наркынын 10 пайызын түзөт. Ошондой эле, алгачкы төлөм жок учурунда кошумча күрөө коюга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Көп кабаттуу үйлөрдөн батир алуудагы турак-жайларга параметрлерди алсак, батирлердин жалпы аянты 80 чарчы метрден жогору болбоосу, жер үйлөрдүн жана жеке курула турган үйлөрдүкү 150 чарчы метрден ашпоого тийиш. Программанын катышуучусуна ипотекалык насыя үйдү жаңыдан курууга, же курулушу башталып, бүтпөй турган үйлөрдү бүткөрүүгө берилет”, - дейт А.Эгемназаров.
Ал эми программага катышуу үчүн жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга анкета-арыз менен кайрылышат. Катышуучулардын критерийлерге ылайык келгендиги белгиленгенден кийин катышуучулардын тизмелери өнөктөш банктарга каржылоо иштеринин аткарылышы үчүн жөнөтүлөт. Азыркы учурда МИКтин шарты боюнча ипотекалык насыяны 11 коммерциялык бантан алууга болот.
“МИК тарабынан Каракол, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Токмок шаарларында 60 батирлүү көп кабатуу 7 эконом-класс турак-жайларды, ошондой эле, Бишкек шаарындагы “Тунгуч” кичи районунда турак-жайларды куруу пландаштырылып жатат”, - деди А.Эгемназаров.
Жыйындын катышуучулары дарыгерлер менен мугалимдер айлыктарынын аздыгынан улам, ипотекалык насыяны ала албай жатышкандыгын билдиришти. Ошондой эле, ипотекалык насыянын үстөгүн азайтып, мөөнөтүн узартуу сунушу айтылды. Себеби, Европа мамлекеттеринде 3-6 пайыздык үстөк менен 20-40 жылга чейин ипотекалык насыялар бериле тургандыгын мисал келтирип кетишти.
2017-жылдын март айынан баштап ар бир Кыргызстандын 21 жашка чыккан жараны ипотекалык насыя менен турак-жай алууга, курууга мүмкүнчүлүгү түзүлө тургандыгын Эгемназаров журналисттерге берген пресс-конференцияда баса белгиледи. Бир жылдан бери мугалмдер менен дарыгерлер жана социалдык тармакта иштегендер программага катышып келишкен. Жалал-Абад облусу боюнча 605 адамдан арыз түшсө, анын ичинен 65 адам ипотекага үй сатып алышкан.
Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg".
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38









